Мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев менен Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков райондун тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда жер амнистиясына жана жер тилкесинин укук белгилөөчү документтерин даярдоого байланышкан маселелер талкууланды. Бул жолугушууда "Карагач токоюнун" аймагына тиешелүү маанилүү фактылар айтылып, архивдик материалдар каралды.
Жыйындын жүрүшүндө мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев тиешелүү кызматтарга бардык маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды.
Свердлов акимиаты тарыхый жана табигый баалуулугун эске алуу менен "Карагач токоюнун" аймагын пайдаланууда мыйзамдардын жана артыкчылыктардын сакталышын тыкыр көзөмөлгө алууну улантууда. Биз бардык шаардыктарды жаратылыш аймагын пайдалануунун белгиленген нормаларын жана эрежелерин сактоого жана анын кооздугун келечек муундар үчүн сактоого чакырабыз.