Спартакиадада 1-орунду алган № 84 орто мектебинин окуучулары менен Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиев жолугушту.
Сынак Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы " жана "улуттук салт жөнүндө" жарлыктарын аткаруунун алкагында жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин администрациялык району боюнча 10-муниципалдык администрациясынын токтомунун негизинде өткөрүлдү.
Спартакиада жаштарды аскердик-патриоттукка тарбиялоо жана аскерге чакырууга чейинки даярдоо максатында Чүй облусунун Сарыжон айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн окуу борборунда өткөрүлдү.
Окуучулар саякаттан алган таасирлери менен бөлүшүп, муниципалдык администрацияга жана мектеп мугалимдерине ыраазычылыктарын билдиришти.
Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев окуучуларга чың ден-соолук, окууларына ийгилик жана жетишкендик каалап, ошондой эле, мекенчилдик адамдын иш-аракеттеринде көрүнөрүн белгиледи. Өзүнүн "кичинекей Мекенин" сүйүүдөн жаралган патриоттук сезимдер өзүнүн өнүгүшүнө карай бир катар баскычтардан өтүп, жалпы мамлекеттик патриоттук аң-сезимге, өз мекенин аң-сезимдүү сүйүүгө чейин көтөрүлөт.