29-30-август күндөрү Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган бильярд спорту боюнча "Эркин пирамида" дисциплинасында ачык биринчилик болуп өттү.
Мелдешке 32 бильярдчы катышты. Спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, спорттун бул түрүн Бишкек шаарында жайылтуу максатында өткөрүлдү.
Мелдештин жеңүүчүлөрү:
Карагулов Улукман - биринчи орун;
Таштанбеков Азирет - экинчи орун;
Толонбаев Байдоолот - үчүнчү орун;
Каримберди уулу Мухамед - үчүнчү орун.
Белгилей кетсек, мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгына караштуу бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби тарабынан уюштурулган.