Шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында Октябрь районунда тышкы жарнактарды иретке келтирүү боюнча рейддер активдүү жүргүзүлүүдө.
Октябрь администрациясынын кызматкерлери менен муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери биргеликте тышкы жарнакты иретке келтирүү боюнча рейддерди өткөрүшүүдө.
Жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери Байтик Баатыр көчөсү менен Аалы Токомбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Негизги басым латын алфавитинде жазылган жарнак конструкцияларына бурулуп, мындан тышкары борбордук көчөлөрдүн тротуарларында мыйзамсыз орнотулган жарнак мамылары, ошондой эле имараттардын фасадына илинген башка жарнак баннерлер жана плакаттар алынууда.
Бүгүнкү күндө 50дөн ашык жарнамалык элементтер демонтаждалган.
Бишкек шаарында тышкы жарнактын жана маалыматтын иштеши, шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнактын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, жайгаштырууну иретке келтирүү жана рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.