4-сентябрда Kyrgyzstan Top Team академиясынын имаратында джиу-джитсу боюнча мастер-класс өттү.
Кара курдун чебери, дүйнө жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Сагдеев Руслан тажрыйбасы менен бөлүшүп, практикалык сабак өткөрдү.
Коноктор джиу-джитсунун негизги ыкмаларын көрүп жана күрөштө сынап көрүштү.
Белгилей кетсек, мастер-класс Бишкек шаарынын мэриясынын жана Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин спорттун күрөш түрлөрү боюнча колдоосу менен өткөрүлдү.