Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого № 1053, 1045, 1063, 1036 шайлоо участкаларынын даярдыгы менен таанышты.

Азис Садырбеков шайлоо участокторуна барып анын жүрүшүндө материалдык-техникалык жактан камсыздоону, ошондой эле ар бир шайлоо участогунда шайлоочулардын коопсуздугу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды текшерди.

Мындай текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, УШКларды зарыл болгон оргтехника менен жабдуу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Ленин районунун аймагында 51 шайлоо участкасы бар.

Урматтуу шаардыктар, белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрында өткөрүлөт.

Буга байланыштуу муниципалдык администрация бардык шайлоочуларды шайлоочулардын тизмесинде тактоого чакырат, ошондой эле жеке маалыматтарды жана УШКнын жайгашкан жерин тактоо үчүн 119 маалымат кызматынын номерине ПИН-кодуңузду жөнөтсөңүз болот.

Ленин району таза шайлоо үчүн!