Борбор калаанын акимчиликтеринде газдаштыруу боюнча жумушчу топтордун жыйыны өтүүдө.

Жумушчу топтордун курамына акимдердин орун басарлары, Бишкек шаарынын мэриясынын Шаар чарба башкармалыгынын, «Бишкекглавархитектура» МИ өкүлдөрү , МАБдын, «Газпром Кыргызстан» ААКнын жетекчилери кирет.

Жыйындын жүрүшүндө 2024-2026-жылдар аралыгында газдаштыруу объектилерин - турак жайларды жана кварталдарды кезектик тартипте жаңылоо маселелери талкууланды, ошондой эле газга кошула элек белгиленген аймактар да каралды.

Жыйынтыгында көгүлтүр отунга кошулган үйлөргө мониторинг жүргүзүү, андан соң бул маалыматтарды Бишкек шаарынын мэриясынын Шаар чарба башкармалыгына (ШШБ) жөнөтүү тапшырмасы берилди.

Бүгүнкү күндө Биринчи май районунун калктуу конушунда 14173 турак жайдын ичинен 2130 үй жаратылыш газына кошулган, бул 15%ды түзөт.

Мындай жолугушуулар башка аймактарда да өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, борбор калаанын мэриясынын буйругунун негизинде «2023-2024-жылдарга Бишкек шаарынын объектилерин газдаштыруунун жол картасын» ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.