Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда сурдо грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.
Турнирдин жыйынтыгында грек-рим күрөшү боюнча кадеттер бөлүмүндө 65 кг чейинки салмакта Артур Акопян алтын медалга ээ болду. 71 килограммга чейинки салмак категориясында Садыралиев Бексултан коло, 55 килограммга чейинки салмак категориясында Тариел Садырбеков жана 48 килограммга чейинки салмак категориясында Уланов Арлен үчүнчү орунду ээледи.
Өспүрүмдөр бөлүмүндө Абдрасул Исмаилов 60 килограммга чейинки салмак категориясында алтын медалга ээ болсо, 67 килограммга чейинки салмак категориясында Чолпонбек уулу Сыдык күмүш медалга ээ болду.
Чоңдор арасында 72 килограммга чейинки салмак категориясында Сүймөнкул Икрамов, 97 килограммга чейинки салмак категориясында Нарту Абдурахманов жана 67 килограммга чейинки салмак категориясында Динмухамед Бигелдиев алтын медалдын ээлери болушту. Күмүш медалды 77 килограммга чейинки салмак категориясында Дастан Рыспаев багындырды.ал эми 60 килограммга чейинки салмак категориясында Смадияр Жумакадыров менен Миляс Марков 130 килограммга чейинки салмак категориясында коло медаль тагынды.
Ошентип, командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунду, биринчи орунду Түркия, экинчи орунду Иран Ислам Республикасы ээледи.
Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты 3-сентябрда башталып, 2023-жылдын 11-сентябрында жыйынтыкталат Турнирге жалпысынан дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышып, Кыргызстандын намысын 15 балбан коргоп жатат.