Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгына караштуу Балдар-өспүрүмдөр спорттук шахмат мектебинде “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү.

«Импульс» балдар борборунда жана №82 орто мектепте атайын программадагы иш-чаралар уюштурулду. Шахмат боюнча  машыгуулар, мугалимдердин машыктыруучуларынын мастер-класстары жана балдар арасында блиц-мелдеши өткөрүлдү.

Келген ата-энелер, окуучулар мектептин шарты менен таанышты. Тренерлердин мастер-класстары көрүүчүлөргө өзгөчө жакты.

Белгилей кетсек, шахмат менен алектенген балдардын саны жылдан жылга өсүүдө.