Чүй проспектисинен  Абдрахмановдон Манас проспектисине чейинки архитектуралык-көркөм концепциясын ишкерлерге «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын жетекчисинин орун басары Марат Жороев жеке өзү түшүндүрүп, көрсөтүп берди.

Комиссиянын иш сапарына Биринчи май районунун башкы архитектору Дастан Кадыров, жарнак жана дизайн бөлүмүнүн башчысы Алмаз Каримов, Биринчи май району боюнча муниципалдык администрациянын, муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Ишкерлерге “Бишкекбашкыархитектура” МИнин эскиздик  долбооруна ылайык кирүү топтору жана маалыматтык  конструкциялар-көрнөктөр кандай болушу керектигин айтып  беришти жана көрсөтүштү.

Ар бир менчик ээсине же ижарачыга комиссия мүчөлөрү “Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын талаптарын  кошуп, долбоорго ылайык көрнөктөрдү белгилүү бир мөөнөттө өз  алдынча бузуу жана жаңыларын орнотууга тийиш болгон  билдирмелерди тапшырышты.

Бул иш шаардын башка райондорунда да  жүргүзүлүүдө.