Жаңы конуштардагы көп кабаттуу үйлөр: тургундар менен жолугушуу

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев "Киргизия-1" конушунун жашоочулары менен жеке үйлөрдүн жанында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн маселеси боюнча жолугушту.

Ошондой эле жолугушууга Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Карыбаев жана КР Мамкурулушуна караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Адис Саяков катышты.

Тургундар көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна каршы чыгышты. Өз кезегинде мэрдин орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө турак-жай конуштарынын аймагында (жеке үйлөрдүн жанында) көп кабаттуу объекттерди курууга уруксат берүүчү документтерди кайтарып алуу иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, шаар куруу кеңешинин чечими менен турак жай конуштарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салынган.