Мэрдин орун басарынын убактылуу милдетин  аткаруучу Максатбек Сазыкулов жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башчысы Турусбек Түмөнбаев подряддык уюмдар менен алтын аянттагы тротуарларды капиталдык куруу маселеси боюнча жыйын өткөрүштү.

Жолугушуу учурунда курулуш иштерине тоскоолдук жараткан объектилер: бак-дарактарды, тирөөчтөрдү жана тосмолорду жылдыруу боюнча маселелер көтөрүлүп, жумуштарды аяктоо мөөнөттөрү талкууланды.

Жалпысынан Бишкек шаарынын төрт району боюнча 21 көчөну камтыган алтын аянтта иштер жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, төмөнкү объектилердеги бардык курулуш иштерин 2023-жылдын 30-сентябрына чейин аяктоо пландаштырылууда, айрым бөлүктөрдөн тышкары.

Ленин району
1 Москва көчөсү Манас проспектисинен Ж. Гвардия бульварына чейин (түштүк тарап) ЖЧК «АбданКурулуш».
2 Л. Толстой көчөсү Ж. Гвардия бульварынан Манас проспектисине чейин (түштүк тарап) ЖЧК «Стандарт» 20.09.23 ж.
3 Токтогул көчөсү Манас проспектисинен  Ж. Гвардия бульварына чейин (түштүк тарап) ЖЧК «ДорМастер»
Токтогул көчөсү Манас проспектисинен  Ж. Гвардия бульварына чейин (түндүк тарап) ЖЧК «ДорМастер»
4 Бөкөнбаев көчөсү Манас проспектисинен Ж. Гвардия бульварына чейин (түштүк тарап) ЖЧК «ЧуйДорСервис»
5. Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ж. Гвардия бульварына чейин (эки тарабы) «АбданКурулуш» ЖЧКсы
6 Уметалиев көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин (эки тарабы) ЖЧК «Плаза» 15.10.23-ж.
7 Фрунзе Манас проспектисинен  Ж. Гвардия бульварына чейин (эки тарабы) ЖЧК «КыргызПрофКурулуш»

Биринчи май району
8 Логвиненко көчөсү Чүй проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин (эки тарабы) «Малидат» ЖЧКсы
9 Л. Толстой көчөсү Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) ЖЧК «Стандарт» 20.09.23-ж.
10 Медеров көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин (эки тарабы) ЖЧК «ДорМастер»
11 Фрунзе көчөсү Манас көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин (эки тарабы) «Кыргызпрофкурулуш» ЖЧКсы
12 Бөкөнбаев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин (эки тарабы) ЖЧК «ЧүйДорСервис»
13 Эркиндик көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин «КыргызПрофКурулуш»ЖЧКсы
14 Абдрахманов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспекти «Ийгиликторстрой» ЖЧКсына чейин .
15 Исанов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстойго чейин (эки тарабы) «БарСтрой» ЖЧКсы
16 Панфилов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин «ТСН» ЖЧКсы
17 Тоголок Молдо Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин «Малидат» ЖЧКсы
Свердлов району
18 Ибраимов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин (эки тарабы) «Хорвестер» ЖЧКсы
Октябрь району
19 Медеров көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ж. Пудовкин көчөсүнө чейин (эки тарабы) ЖЧК «ДорМастер»
20 Л. Толстой көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы) ЖЧК «Стандарт»
21 Кулатов көчөсү Б. Баатыр көчөсүнөн туюк көчөсүнө чейин (эки тарабы) «БетаГрупп» ЖЧКсы.