2023-жылдын 5-сентябрында Свердлов районунун прокуратурасынын демилгеси менен муниципалдык администрациянын жыйындар залында мамлекеттик, укук коргоо жана сот органдарынын ведомстволор аралык координациялоо системасын киргизүү, балдарды кылмыш жоопкерчилигинен четтетүүнүн алкагында  ведомстволор аралык координациялык топтун отуруму болуп өттү.

Жыйынга Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Социалдык саясат жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы, Ички иштер башкармалыгынын начальниги, “Укук борбору” коомдук фондунун директору, “Инсан муун” коомдук фондунун директору, мониторинг бөлүмүнүн башчысы , Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын санариптештирүү жана контролдоо башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ж.б. өкүлдөрү катышышты.

Свердлов районунун прокурору Тагаев Рустам Касымовичтин, Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары Садыкова Асел Сыдыковнанын жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Абдылдаев Арсен Талаповичтин баяндамалары угулду.

Учурда Свердлов районунун прокуратурасы “Центр права” коомдук фондунун, "Поколение Инсан”  коомдук фондунун өкүлдөрү менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосунда пилоттук долбоорду ишке киргизди, анын максаты - мамлекеттик программаларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана укук коргоо жана сот органдарынын ведомстволор аралык координациялоо тутумун киргизүү, аныкталган маселелер боюнча учурдагы кырдаалды талдоо, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартибин иштеп чыгуу жана балдар тарабынан жана аларга карата кылмыштарын алдын алуу.

Жыйындын соңунда жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларда ведомстволор аралык байланышты күчөтүү чечими кабыл алынып, ведомстволор аралык координациялык топтун курамы бекитилди.