Тротуарларды оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Кулатов көчөсүн бойлой Байтик Баатыр көчөсүнөн баштап жолдун эки тарабындагы тротуар оңдолууда.
Эски асфальтты сүрүү иштери дээрлик бүтүп калды, кызыл сызыктан чыгып кеткен бетонду сындыруу иштери жүрүп жатат.
Түндүк тарабында тротуарларга бордюр орнотуу иштери башталды. Ошондой эле жолдун түштүк тарабына орнотула турган бордюрларды түшүрүү иштери жүрүп жатат.
Кулатов көчөсүндөгү тротуар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин жолдун эки тарабына ирригациялык системасы бар жаңы тротуар пайда болот.