Шаарда  «Тазалык» муниципалдык ишканасы катуу таштандыларды чыгаруунун эки түрүн колдонот. Биринчиси таштандыны атайын бөлүнгөн жерлерден: контейнердик аянттардан, экинчиси короодон белгиленген күнү атайын график боюнча алып чыгат.

Бирок борбордо таштандылар күтүлбөгөн жерлерге ыргытылат (30 пункт бар).

Маселен, Жибек Жолу проспектиси менен Будённый көчөсүнүн кесилишине контейнерлер коюлбай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, таштанды ыргытпоо керектиги боюнча көрсөтмөлөр илингенине карабастан, шаардыктар таштанды таштоону  улантууда. Ага карабай “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери графикти аткарбаса да күнүнө эки жолу таштанды чыгарууга аргасыз болууда.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Көчөлөргө таштанды ташуучу унаа келген күнү, график боюнча белгиленген жерлерге  алып чыгууну суранабыз.

Эскерте кетсек, таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандар үчүн Бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык 7500 сом айып пул салынат.