Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгына карата Ош шаарында майрамдык жарманке болуп өттү.

Өлкөнүн бардык аймактарынан чогулган масштабдуу иш-чарага уникалдуу буюмдар, сувенирлер, улуттук даамдар жана суусундуктар, айыл чарба продукциялары, робототехника, имараттардын архитектуралык макеттери, кийимдер, баш кийимдер, сүрөттөр жана башка көптөгөн нерселер көрсөтүлдү, айрым товарларды сатып алууга болот.

Ошондой эле жарманкеге Бишкектен келген делегаттар катышты.

Ошону менен бирге чыгармачылык коллективдер арасында сынак да болду.