“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Айкөл көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүп бүттү. Оңдоо иштери Республика көчөсүнөн Жаз көчөсүнө чейин жүргүзүлдү.

Ошентип, ишкананын бригадасы эски асфальттын сыйрып, жаңы асфальт-бетон аралашмасын төшөштү. Жер иштери жүргүзүлүп, ирригациялык системасын орнотушкан.

Ошондой эле, Үсөнбаев көчөсү Токтогул көчөсүнөн Сыдыков көчөсүнө чейин Абдрахманов көчөсүнө чыгуу менен жолду капиталдык оңдоону аяктоо пландалууда. Бүгүнкү күндө кызматкерлер эски асфальтын сыйрышып, бордюрду жана ирригациялык системаны орнотууну аякташты, бригада асфальтбетон аралашмасын төшөй баштады.

Белгилей кетсек, ушул жуманын ичинде М.Алыбаев көчөсүнө жаңы асфальт төшөө жана Д. Садырбаев көчөсүнө веложол менен тротуар салуу иштери башталат.