«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын жыйындар залында ишкананын жетекчисинин орун басары Нурдин Есенбаевдин жана Свердлов районунун акиминин орун басары Рустам Касымбековдун төрагалыгы алдында Саадаев көчөсүнүн боюндагы конуштун тургундары менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга ошондой эле бөлүм башчылары катышты.
Негизги маселе Саадаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкелерин мыйзамдаштырууда пайда болгон көйгөйлөр. Ошондой эле ушул кварталдын «жашыл жана кызыл сызыктарына» корректура киргизүү, иштеп жаткан парктын чек араларын бекитүү жана инженердик коммуникацияларды турак үйлөргө кошуу жөнүндө маселелер көтөрүлдү.
Жолугушуунун соңунда каралып жаткан турак жай конушунун өкүлдөрүнө «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылган иштер, ошондой эле каралып жаткан жер тилкелеринин көйгөйлөрүн чечүүдөгү мындан аркы жол-жоболор жөнүндө кеңири маалымат берилди.