Бишкек шаарында ирригациялык тармактарын орнотуу иштери уланууда.

«Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасы борбор калаанын төрт районуна узундугу 17 миң 985 чарчы метрге жакын сугат тармактарын орнотууну пландоодо.

Учурда төмөнкү көчөлөрдө ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү жана орнотуу иштери жүргүзүлүүдө:

- Айни көчөсү Ч. Айтматов проспектисинен Псков көчөсүнө чейин (түндүк, түштүк тарабы)
- Молдокулов көчөсү Шабдан Баатыр көчөсү менен Куланак көчөсүнө чейин (батыш тарабы);
- «Лесхозовский» каналы Токомбаев көчөсүнөн Б. Баатыр көчөсүнө чейин (эки тарап);
- Водопроводный көчөсү боюнча (чыгыш тарабы) Айни көчөсү менен Сухомлинова көчөсүнө чейин;
- Айни көчөсү менен Айтматов проспектисине чейин;
- Чебоксарск көчөсү Салиев көчөсүнөн Саратов көчөсүнө чейин (батыш тарабы);
- Саратов көчөсү Чебоксарск көчөсүнөн Курманалиев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
- Курманалиев көчөсүнөн Саратов көчөсүнө чейин;
- Ауэзов көчөсүнөн ж/м чейин (батыш тарабы);
- Сүйүнбаев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Мичурин көчөсүнө чейин (батыш тарабы);
- Мичурин көчөсү менен Сүйүнбаев көчөсү менен Керимова көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
-Жибек-Жолу проспектиси боюнча Сүйүмбаев көчөсүнөн Осмонкулов көчөсүнө чейин (түштүк тарабы)
- Т. Молдо көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин (батыш, түндүк тарабы);
- Исанов көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Салиев көчөсү Т. Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин;
- 7-апрель көчөсү Чүй проспектисине чейин;
- Курманжан Датка көчөсү Чүй проспектисинен Салиев көчөсүнө чейин.

Урматтуу шаар тургундары! Магистралдык каналдарды, дренаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбоону жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөбүз.