Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк иш планына ылайык, шаардын жашыл аянттарын андан ары сугаруу үчүн Ахунбаева жана Көк-Жаңгак көчөлөрүнүн кесилишиндеги экинчи жаңы скважинаны бургулоо иштери аяктады.

Бул скважинанын тереңдиги 190 метр, кубаттуулугу саатына 65 метр куб сууну, секундасына 17 литрди түзөт.

Профсоюз – Нарвск, Л.Толстой – Логвиненко, Жайыл-Баатыр – Чортеков, Ахунбаев – Көк-Жаңгак, Ауэзов – Анкара, Театр аянты даректеринде 6 жаңы скважинана 2023-жылга пландаштырылган.

Эскерте кетсек, буга чейин Профсоюз жана Нарвс көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скважина казылган.