Семинарда кызматкерлерге өтүлгөн темалардын, “Кыргызтесттин” талаптары А1, А2, В1,В2,С1” китебинин, “Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгүнүн” электрондук варианттары жана “Орусча-кыргызча сүйлөшмө” китепчелери берилди.


Окуу семинары Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы № 119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө”  жарлыгын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 10-мартындагы № 33 “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” 2014-2018-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2016-жылга аракеттер планы жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында өтүлдү.