Райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө каттоодо турган балдарга колдоо көрсөтүүнүн алкагында окуу куралдары тапшырылды.

Биринчи май акимчилигинин имаратында акимдин орун басары Айнура Арстамбекова балдарды жаңы окуу жылы менен куттуктап, канцелярдык буюмдар салынган портфельдерди тапшырды.

Мектеп комплектисин 44 жаш 1-май районунун тургуну алды.

Жолугушууда А.Арстамбекова чыгармачылык ийгиликтерди, кызыктуу окуяларды, жакшы досторду жана мектеп жашоосу жемиштүү жана кызыктуу болушун каалады!