Ачылыш аземине Ленин районунун акиминин орун басарлары Бакыт Караев менен Айзада Жунусова, Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын, Бишкек мэриясынын билим берүү департаментинен жана «Тоолос Строй» подряддык уюмунун өкүлдөрү катышты.

Чакырылган коноктор мугалимдерди, ата-энелерди жана мектеп окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы жана жаңы имараттын ачылышы менен куттукташты.

Ошондой эле, Ленин районунун акиминин орун басары Бакыт Караев жаңы имараттын курулушунун алкагында аткарылган иштер үчүн «Төөлөс Строй» ЖЧКсынын подряддык уюмуна жана КРдин Мамлекеттик курулуш комитетине ыраазычылык билдирди.

Чогулгандарга чакан концерттик программа уюштурулуп, салтка айланган биринчи коңгуроо кагылды. Андан соң коноктор жаңы имаратты, анын ичинде окуу бөлмөлөрүн кыдырып чыгышып, билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилешти.

Белгилей кетсек, курулуш 2019-жылы башталган. Имаратта 11 предметтик кабинет бар жана ал орто жана жогорку класстын 150 окуучусуна ылайыкталган.