Мелдешке Чымкент, Караганда жана Бишкек шаарларынын 60 спортчусу катышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында «Спорт чебери» категориясында 1-орунду Константин Руденко (Шымкент), 2-орунду – Роман Пак (Бишкек) жана 3-орунду – Эрик Меннибаев (Бишкек) алды.
«Спорт чеберинин кандидаты» категориясында 1-орунду Бекжан Насрединов (Бишкек), 2-орунду – Валихан Рыскулбеков (Бишкек) жана 3-орунду – Тимур Питаев (Бишкек) багындырды.
«Биринчи чоңдор разряды» категориясында биринчи орунга Нурсултан Мамашарипов (Бишкек), экинчи орунга – Эмиль Ткачук (Бишкек) жана үчүнчү орунга – Даут Бируни (Шымкент) ээ болду.
«Экинчи чоңдор разряды» категориясы боюнча биринчи орунга – Эмир Акматов (Бишкек), экинчи орунга – Семён Якишов (Бишкек) жана үчүнчү орунга – Артем Сибогатулин (Бишкек) ээ болду.
«Үчүнчү чоңдор разряды» боюнча 1-орунду Богдан Грамов (Шымкент), 2-орунду – Сергей Утвенко (Шымкент) жана 3-орунду– Алтынбек Намаз (Шымкент) алды.
Кыздар арасында «Спорт чебери» категориясында 1-орун – Амалия Чернышова (Бишкек), 2-орун – Дарья Комелева (Караганда) жана 3-орун – Малика Дакебаева (Караганда).
«Спорт чеберинин кандидаты» категориясында 1-орунду Дарья Ясинская (Караганда), 2-орунду – Александра Алексеева (Караганда) жана 3-орунду – Юлиана Деева (Караганда) алды.
«Биринчи чоңдор разряды» категориясында 1-орунду Настя Ферену (Бишкек), 2-орунду – Софья Товазина (Бишкек) жана 3-орунду – Аксана Аралбекова (Бишкек) алды.
«Экинчи чоңдор разряды» категориясы боюнча 1-орунга Даша Истомина (Бишкек), 2-орунга – Виктория Хан (Бишкек) жана 3-орунга – Акмарал Бектеналикева (Бишкек) ээ болду.
«Үчүнчү чоңдор разряды» боюнча 1-орунду Дарья Минеева (Бишкек), 2-орунду – Алтынай Лаяшакурова (Бишкек) жана 3-орунду – Анаелита Краснокирова (Бишкек) багындырды.
Мелдеш Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан өткөрүлдү.
Жеңүүчүлөр спорт комитетинин диплом, медаль, жана баалуу белектери менен сыйланышты.