Ушуну менен Бишкек шаарынын мэриясы укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө кабарлайт.

1. Сунушталган жөнгө салууга чечүүгө багытталган көйгөйлөрдүн сыпаттамасы (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Бишкек шаарынын коомдук транспортунда жол жүрүү үчүн колдонуудагы тарифтер, жүргүнчүлөрдү ташуучу автопарктарга жана жеке ташуучуларга алардын эксплуатациялык чыгымдарынын өсүү шарттарында зарыл сандагы финансылык каражаттардын келип түшүүсүн камсыз кылбайт жана натыйжада эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөтүнө ылайык эксплуатациялык оңдоо, транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана авторезинаны өз убагында алмаштыруу мүмкүн эместигине алып келет.

Коомдук транспорттун кирешелүү эместигине байланыштуу кыймылдуу курамды жаңылоонун мүмкүн эместиги.

Бишкек шаарынын коомдук транспортунда транспорттук карталарды пайдалануу менен жол кирени жөнгө салуу чөйрөсүндө кенемтенин болушу.


2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын баяндоо:

Эксплуатациялык чыгымдарды жана инфляциянын деңгээлин эске алуу менен Бишкек шаарынын коомдук жүргүнчүлөр транспортунда жүрүүгө тарифтерди жогорулатуу.

Борбор калаанын тургундарын жана конокторун үзгүлтүксүз, сапаттуу ташууну камсыз кылуу.


3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдаларын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болсо, тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Муниципалдык жана жеке жүргүнчү ташуучу ишканалардын экономикалык абалын эксплуатациялык чыгымдарды жана инфляциянын деңгээлин эске алуу менен жакшыртуу.

Кыймылдуу курамды өз убагында тейлөө, ошондой эле кыймылдуу курамды жаңыртуу.

Ишканалардын жана жүк ташуучулардын кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу, кызматкерлердин алмашуусун кыскартуу.


4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерге баа берүү (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Терс кесепеттери кабыл алынбайт.


5. Сунушталган жөнгө салуунун адресаттарынын - ишкердик субъекттеринин санына мүнөздөмө жана баа берүү:

Азыркы учурда Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну "Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы" жана "Бишкек троллейбус башкармалыгы" 3 муниципалдык ишканасы, ошондой эле 27 жеке менчик ташуучу фирма ишке ашырат.


6. Сунушталган жөнгө салуунун аны киргизүү менен байланышкан кошумча чыгымдарын жана потенциалдуу адресаттарынын пайдасын болжолдуу баалоо:

Бул токтомдун долбоорун кабыл алуу менен ишкердик субъекттери эч кандай кошумча чыгымдарды тартпайт, тескерисинче ишкердик субъекттеринин кирешелери көбөйөт, ушуга байланыштуу Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруу чөйрөсүндө ишкердик субъекттеринин пайдасы көбөйөт.


7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо:

Бишкек шаардык Кеңештин токтомунун ушул долбоорун кабыл алуу республикалык жана жергиликтүү бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.


Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет:

1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:

- аталган маселелер туура, жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;

- бул максатка жетүү үчүн маанилүү, негиздүү болобу;

- көйгөйлөрдү чечүүнүн сунушталган ыкмасы (жөнгө салуу) эң артыкчылыктуубу;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар болушу мүмкүн;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер болушу мүмкүн;

- көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативдүү натыйжалуу жолдору барбы;

- сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы пикир.

2. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалыматтар.


_____________________________________________________________

(тексттик сүрөттөө үчүн жер)



Байланыш жана талкуулоо мөөнөтүн билдирүү маалымат:

1. Сунуштар кабыл алынат:


- электрондук почта аркылуу

e-mail:

ugt@meria.kg

- почта дарегине

Бишкек ш., 7- Апрел 4А көч., Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспортук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти телефон боюнча 

53-26-70

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

2023-жылдын 14-сентябрына чейин

3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү

2023-жылдын 19-сентябрына чейин