Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата түштүк борбордо спорттун улуттук түрлөрү боюнча финалдык мелдештер өттү.

Сүйүмбаев атындагы стадиондо 27-августтан 31-августка чейин спорттун 5 түрү: «кыргыз күрөш», «бел боо күрөшү», «ордо», «айкур чүкө» жана «таяк тартыш» боюнча мелдеш өттү.

Спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрү болуп Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын спортчулары табылды.

“Кыргыз күрөш” боюнча 75 килограммдан жогорку категорияда 1-орунду Токонов Болот, 2-орунду Мирлан уулу Бактияр, 3-орунду Калысбек уулу Мухтар ээледи.

75 кг салмакта Аманов Айболот жеңүүчү аталса, экинчи болуп Кадырбек уулу Бактияр ээ болду.

Бел боо күрөшү боюнча “алыш” 70 килограммдан жогорку салмакта Мирлан уулу Бактияр биринчи орунду ээледи.

Улуттук “ордо” оюну боюнча командалык эсепте 1-орун. Искендер уулу Тариэл "айкур чүкө" оюнунда күмүш байгеге ээ болду. “Таяк тартыш” боюнча 75 килограммдан жогорку салмакта Айжан Анарбекова 1-орунду, 55 кг салмакта Элиза Абдыкадырова 1-орунду камсыздады.

Кошумчалай кетсек, Асел Садырова ипподромдо жаа атуу боюнча мелдеште 2-орунду ээлеген.

Жеңүүчүлөр  дипломдор жана медалдар, ошондой эле акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.