Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана райондун тургундары Анкара көчөсүндө жаңы скверди салтанаттуу түрдө ачышты.

Азыр борбор калаанын түштүк аймагынын чыгыш тарабында, Алтын-Ордо конушунун босогосунда кооз сквер  пайда болду. Жалпы аянты 0,5 гектарды түзөт.

Мурда бул жер каралбай калган бак-дарактар арасында болсо, эми жайлуу аянт шаардыктар менен борбордун коноктору үчүн сейилдөө жери болуп калат.

Бул эс алуу аймагынан алыс эмес жерде парк куруу пландалып жаткан жай да бар.

Сквер «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлдү.