Бүгүн, 2023-жылдын 31-августунда, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө жаңы автобустар линияга чыкты.

Жаңы автобустардын келишине байланыштуу Бишкек шаарынын маршруттук тармагы оптимизацияланууда.

Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 3  жаңы автобустук каттамдар жана иштеп жаткан 5 кичи автобустук каттамдар иштелип чыгып, алар боюнча автобус каттамдары ишке киргизилет. Белгилей кетсек, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн алмаштырылган каттамдардын номерлери ошол бойдон калды.

Жаңы автобустар маршруттук линиялар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

Жаңы линия: №15, №51, №52;

Алмаштырылган: №100, №105, №152, №195, №212.

Эске салсак, Бишкек шаарында 2023-жылы муниципалитет газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алган. Буга чейин шаарга 200 автобустун партиясы келип, шаардыктарды тейлөө үчүн линияга чыккан.

Калган автобустарды жыл аягына чейин шаарга алып келүү пландалууда.