«Коломто» муниципалдык мекемесинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата мекеменин жашоочуларына майрамдык сый тамак уюштурулду.
Маалымдама: Бишкек шаарында, Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май административдик районунун аймагында туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн 70 адамга эсептелген «Коломто» муниципалдык мекемеси туруктуу негизде иштейт.
«Коломто» муниципалдык мекемесинин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- убактылуу жатакана менен камсыз кылуу, бир жолку бекер тамактануу күнүнө бир адамга 70 сом;
- медициналык кароодон өткөрүү (флюорография, РВ жана ВИЧке кан) жана алгачкы санитардык тазалоо (жуу, жарааттарды кароо, кийим алмаштыруу ж.б.);
- үй-жайсыздарды гуманитардык кийимдер менен камсыздоо;
Бул мекеме жыл сайын 1500 үй-жайсыз адамдарга кызмат көрсөтөт.
Урматтуу жарандар! Жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз дароо 102 (милиция) жана 103 (тез жардам) телефондоруна чалыңыз.