Борбор калаанын мэринин  турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары Жыргалбек Шамыралиев катуу тиричилик калдыктарын жана тигүү калдыктарын зыянсыз жок кыла турган аппараттын (С-1000 инсинератору) ишин текшерди.

Белгилей кетсек, «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасына катуу таштандыларды жана тигүү калдыктарын зыянсыз жок кыла турган аппарат  (С-1000 инсинератору) алынып келинген.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу жана экологиялык чөйрөнү жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын көмөгү менен аталган аппарат сатылып алынган.

Бул объектинин иштеши тигүү калдыктарды көмүү көлөмүн азайтат.

Учурда С-1000 Инсинераторун сыноо режиминде иштетүү аяктап жатат. С-1000 Инсинератор толук кубаттуулукка киргизүү 2023-жылдын сентябрына пландаштырылууда.

Урматтуу жарандар, ишкерлер! Эгерде сизде тигүү цехи болсо, экологияны сактоо максатында тигүү калдыктарын чыгаруу боюнча «Тазалык» МИ менен келишим түзүүнү суранабыз.