Учурда жүргүнчүлөр жол кирени Тулпар транспорттук карталары, Виза, Элкарт банк карталары, ошондой эле «Mbank», «MegaPay», «Balance» мобилдик тиркемелери менен төлөй алышат. Эгерде валидатор автобуста же троллейбуста иштебесе, анда жүргүнчү бекер жүрүүгө укуктуу.

Айдоочулар жол кире үчүн накталай эмес төлөмдү кабыл албай жатканына күбө болгон жүргүнчүлөргө 0502 205-202 номуру аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз. Кайрылууда эреже бузуунун датасы жана убактысы, каттамдын номери, транспорт каражатынын мамлекеттик номери көрсөтүлүшү керек.

Эске салсак, 2023-жылдын 20-августунан тарта борбор калаада муниципалдык коомдук транспортто жүрүү акысын накталай төлөөгө тыюу салынган. Бирок жүргүнчүлөр муниципалдык каттамдардын айдоочулары накталай төлөм алып жатканын, транспорт же банк картасы же валидатор иштебей калганын, андан кийин накталай акча менен төлөөнү сунуштап жатышканын байма-бай билдиришет, бирок бул мыйзамдуу эмес!

Автобус жана троллейбус айдоочуларына карата жол кирени накталай кабыл алуу үчүн катуу чаралар көрүлөт (иштен бошотулганга чейин).