Шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардын тротуарларында капиталдык оңдоо иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Жаш Гвардия бульварынан Турусбеков көчөсүнө чейин түштүк тарабындагы тротуардын эски асфальты сыйрылып бүтүп, лотокторду даярдоо жана бордюрларды орнотуу иштери башталды.

Түштүк тарабындагы иштер аяктагандан кийин ушундай эле жумуштарды Чүй проспектиси боюнча Жаш Гвардия бульварынан Турусбеков көчөсүнө чейин түндүк тарабында жүргүзүү пландалууда.

Эске салсак, аталган көчөнүн узундугу 700 погон метрди, туурасы 3 метрди түзөт.