Көп кабаттуу турак жай Медеров жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бөлүнгөн аймакта жайгашкан (“София” мейманканасы).
Жолугушууга мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, мэрдин орун басарынын милдетин аткаруучу  Максатбек Сазыкулов, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев, «Бишкекбашкыархитектура» ММнын жетекчиси Урмат Карыбаев жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.


«Бишкекбашкыархитектура» мекемеси тарабынан көп кабаттуу үйдү курууда 8 эреже бузуу фактысы аныкталган:
- Медеров көчөсү тарабынан көчө жээгинен жер участогуна укук берүүчү документтери жок, өзүм билемдик менен унаа токтотуучу жайларды уюштурган;


- кирүү топтору мурда макулдашылган долбоордун негизинде курулбаган;


- СКБ объектилери бар 13-15 кабаттуу турак жай үчүн балдардын жабык бассейни макулдашылган жумушчу долбоору жана оң эксперттик корутундусу жок уруксатсыз курулган;


- муниципалдык аймакка Медеров көчөсү тарабынан автопандус жана бастырма курулган;


- Элебаев көчөсү тарабынан, жер участогуна укук берүүчү документтери жок, ошондой эле  жашылдандыруу зонасына унаа токтотуучу жай уюштурулган;


- көп кабаттуу турак жайды куруу долбоорунда  унаа токтотуучу жайлардын санын эсептөөдө 62 унаа токтотуучу жай  жетишсиз;


- Медерова көчөсү тарабында белгиленген кызыл сызыктан түштүккө карай 6 метр чыгып кеткен.


«Медеров көчөсү, 18 жана 18/а даректериндеги көп кабаттуу үйдү курууда бир нече ирет эреже бузууларга жол берилген. Мисалы, имаратты куруп жатканда белгиленген кызыл сызыктан 6 метр чыгып кеткен. Унаа токтотуучу жайында тийиштүү орундар дагы жетишсиз. Тиешелүү  укук берүүчү документтери жок туруп, үйдүн короосуна балдар ойноочу, жашоочулар эс алуучу аймактар тарытылып чоң көлөмдө бассейн  курулган.   Мыйзам баарына бирдей иштеши керек», - деди мэр Эмилбек Абдыкадыров.
Аталган объекттини мыйзамдуу  түрдө калыбына келтирүүгө курулуш компаниясынын директоруна 1 ай мөөнөт берилди. Компания тарап кетирилген кемчиликтердин баарын мойнуна алды жана 1 ай ичинде калыбына келтирүүгө   сөз берди. Коюлган талаптар аткарылбаса мэрия тараптан мыйзам чегинде бузуулар болоору эскертилди.  


Буга чейин Бишкек шаарындагы ГУАСК, ММ «Бишкекбашкыархитектура», КРнын Мамлекеттик курулуш комитетине караштуу ДГАСК, Бишкек шаарынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти менен биргеликте имараттын документтерин текшерүү тапшырмасы берилген.