Күн сайын таңы саат бештен баштап «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын  көчөлөрүн жана ирригациялык тутумдарды тазалоо, көчөлөрдү жууп тазалоо  иштерин жүргүзөт.


Бүгүн, 13-апрелде Октябрь районунда – 98 короо шыпыргыч жана 9 бирдик атайы техника, Биринчи май районунда – 157 короо шыпыргыч жана 16 бирдик техника, Свердлов районунда – 120 короо шыпыргыч жана 10 бирдик техника, Ленин районунда 145 короо шыпыргыч жана 13 бирдик атайы техника  ишке тартылды.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан коомдук жайларда тазалыкты сактоону суранат.