А.Каниметов атындагы Бишкек шаарындагы №1 гимназия-интернатынын оңдоо иштеринин жүрүшүн мэрдин орун басарынын  милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов, Биринчи май районунун акиминин орун басары Чыңгыз Байсов, Айнура Арстамбекова текшерди.

Билим берүү мекемесине жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү, окуу кабинеттерин, имараттарын оңдоо, тамак-аш блогунун жабдууларын жаңылоо, асфальт төшөө иштери жакында башталат.

Оңдоо иштери дээрлик бүтүп калды, администрация тынымсыз көзөмөлдөөдө.

Маалымдама: Абдылда Каниметов атындагы «Бишкек №1 интернат гимназиясы» жалпы билим берүү мекемеси 1956-жылы түптөлүп, 1992-жылы «Интернат гимназиясы» статусу берилген, 2001-жылы Абдылда Каниметовдун ысымы ыйгарылган. Аталган интернат Жибек-Жолу проспекти,  №625 дарегинде жайгашкан.