Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти  Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгы менен биргеликте, мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда жеринде  муниципалдык жайды үчүнчү жактар мыйзамсыз пайдаланып жатканын аныктады.

Бул факт инвентаризациялоонун жүрүшүндө аныкталган. Тунгуч кичи районундагы турак үйлөрдүн  жертөлөлөрүн мыйзамсыз ээлеп алышкан:

- 17/2 үйдүн жертөлөсүндөгү тигүү цехи, аянты 800 чарчы метр;
- 36/2 үйдүн жертөлөсүндөгү тренаржердук зал, аянты 525 чарчы метр.

Бирок, көчүрүү иштери учурунда тигүү цехинин жана машыгуучу залынын өкүлдөрү бир нече күндүн ичинде муниципалдык менчикти бошотуп берүүгө милдеттендирилди.