Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 «Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун негизинде райондук администрацияларында жер мунапысына туш болгон объекттер боюнча комиссия ишин улантууда.
Биринчи май району боюнча 35 арыз каралып, анын ичинен 23 арызга оң чечим кабыл алынган, 8 арыз тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөө үчүн жиберилди, ал эми 4 арыз «Бишкекбашкыархитектура» мекемесине шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн жөнөтүлгөн.
Ленин району боюнча 44 арыз каралып, анын ичинен 23 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 10 арыз кийинкиге калтырылган, ал эми 13 арыз «Бишкекбашкыархитектура» мекемесине шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн жөнөтүлгөн.
Октябрь району боюнча 29 арыз каралып, анын 4ү жактырылып, 2си кийинкиге калтырылган, 23 арыз комиссия тарабынан «Бишкекбашкыархитектура» мекемесине шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн жөнөтүлгөн.
Урматтуу шаардыктар! Документтерди кабыл алуу күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч кичирайону,57 (Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти) дарегинде кабыл алынат.
Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94.