Ленин акимиатында район башчысы Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгы алдында шаардык, райондук кызматтардын жетекчилеринин жана райондук МАБ башчыларынын катышуусунда кезектеги пландык кеңешме өттү.

Ленин райондук билим берүү борборунун директору Таалайгүл Темирканова мектептерди жаңы 2023-2024 окуу жылына карата өз убагында даярдоо жөнүндө баяндама жасады.

Ленин районунун аймагында курулуп жаткан объекттер жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын отчету угулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында район акими Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысына көйгөйлүү маселелерди көзөмөлгө алууну тапшырды.

Райондук билим берүү борборуна кадрлардын жетишсиздиги боюнча  көйгөйдү болтурбоо үчүн кызматкерлердин штаттык саны боюнча маселени кароо керектиги айтылды.  № 2 орто мектепке "Бишкекжылуулуктармагы"ААК 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иштерди жүргүзүү белгиленди.

Райондук МАБдын жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчыларына райондун аймагындагы парктардын, скверлердин жана УШКлардын аймактарын ирээтке келтирүү тапшырмасы берилди.