Свердлов районунун кызматкерлери шаардык кызматтар менен биргеликте Свердлов районунда жайгашкан соода базарларына өрт жана санитардык нормалары сакталышы боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
2023-жылдын 23-августунда Свердлов районунун башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакуновдун төрөгалыгында шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте «Мадина» базарында өрт жана санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейд жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна тапшырмалар берилди.
Бул багыттагы иштер улантылууда.