Бир күн мурун Youtube видеохостингине Ынтымак жана Арча-Бешик конуштарынын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу боюнча материал жарыяланган.

Муниципалитетте мэр Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында шаардыктардын видео кайрылуусу боюнча кезексиз жыйын өттү.

Мэриянын транспорт жана курулуш маселелери боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов, мэрдин муниципалдык мүлк, жерди пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча орун басары Нурдан Орунтаев, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Карыбаев, Бишкек шаары боюнча шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы Жоодарбек Атакеев, ошондой эле шаардык кызматтардын башка өкүлдөрү катышышты.

2018-жылы "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башкы архитектору Асхат Түлөбердиевдин ишмердигинде төмөнкү даректер боюнча уруксат кагаздары берилген:

- Магистралдык, 1б көчөсүндөгү "Ынтымак" турак жайындагы өз аймагындагы 5 кабаттуу турак үй;

- Самойленко көчөсү, 2, 2/4 боюнча өз аймагында дүкөнү жана автопаркинги бар 7 кабаттуу турак үй.

2020-жылы "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башкы архитектору Канат Анарбековдун ишмердиги учурунда уруксат кагаздары берилген:

- "Урбис Групп" ЖЧКсы, ветеринария-Кырман көчөсүндөгү өз аймагындагы 8 кабаттуу турак үйлөр;

- "Тинез" ЖЧКсы, магистралдык,7 көчөсүндөгү "Ынтымак" турак жай массивиндеги офистик жайлары бар тогуз кабаттуу турак үй.

- "Аслан Строй" ЖЧКсы, Азия, 229, 230а, 232 көчөлөрүндө мансардасы жана СКБ объектилери бар 6 кабаттуу көп батирлүү турак үй;

- Адыгине көчөсү, 52,54, "Ынтымак" конушундагы офистик жайлары жана жер астындагы автопаркинги бар 7 кабаттуу көп кабаттуу турак үй.

2023-жылы "Бишкекбашкыархитектура" МИнин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин ишмердиги учурунда 7 кабаттуу турак үйдү офистик жайлары жана Улан, 3, 3а көчөлөрү боюнча өз аймагына жер астындагы автопаркинг менен курууга уруксат документи берилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн бардык объекттер "Бишкекбашкыархитектура" МИ менен макулдашылган АШК же АПШнын долбоорлорунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу архитектура, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин оң корутундусунун негизинде иштерди жүргүзүштү.

Борбор калаанын мэри өзүнүн орун басарлары Нурдан Орунтаев менен Максатбек Сазыкуловго видео кайрылууда айтылган кырдаалды иликтеп, белгиленген тартипте ыкчам чара көрүүнү тапшырды.

Башкы архитектор Урмат Карыбаевге "Ынтымак" конушундагы, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагындагы аталган объектилердин курулушуна уруксат берүүчү документтерди кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Эскерте кетсек, шаардык курулуш кеңешинин чечими менен көп кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салынган.

Эмилбек Абдыкадыров курулуш тармагы инвестиция тартып, жумуш орундарын берип жатканын белгиледи. Өз кезегинде, муниципалитет жооптуу курулуш компанияларын колдойт жана бюрократиялык маселелер боюнча жардам берет. Бирок, муну менен катар курулуш нормаларын бузуу менен объектилерди курган абийирсиз курулуш компаниялары дагы бар. 

Мындай учурда Бишкек шаары боюнча Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги мыйзамсыз объекттерди аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Ушундай объектилерди курууга уруксат берүүчү документтерди берген шаардык кызматтарга жоопкерчилик эскертилди.