Бүгүн, 2023-жылдын 23-августунда Ленин районунун акимиатында администрациянын, райондогу МАБдардын, Ленин районунун Билим берүү, Социалдык өнүктүрүү башкармалыктардын кызматкерлери кан тапшырышты.
Кыргызстанда донордук кан жетишсиз болуп жатат деген маалыматтан кийин кызматкерлер кан тапшырууну чечишти.
Республикалык кан борборунун маалыматы боюнча учурда кан куюу үчүн керектүү кандын жетишсиздиги курч турат.
Акциянын жыйынтыгында 17 адам биздин замандын баатыры болушту.
Республикалык кан борбору донордук процесстин өзү организм үчүн коопсуз экенин эскертти. Донорлук пайдалуу, анткени кан клеткалары жаңыланат.