2023-жылдын 13-15-сентябрында Ташкентте текстиль жабдууларынын жана технологияларынын экинчи эл аралык “TIME 2023” көргөзмөсү өтөт.

Көргөзмө дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн текстиль инженериясынын жана технологияларынын жаңылыктарын иш жүзүндө көрсөтүүгө, аймактын негизги компаниялары, станоктордун, жабдуулардын, тетиктердин дилерлери жана дистрибьюторлору, Өзбекстандагы текстиль жана тигүү буюмдарын өндүрүүчүлөр менен таанышууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, ага текстиль инженериясындагы жогорку технологиялык жабдууларды жана заманбап чечимдерди өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр катышат. 6 өлкөдөн: Улуу Британия, Индия, Кытай, Корея Республикасы, Түркия жана Өзбекстандан 100дөн ашык компаниялар жана бренддер катышууну ырасташты.

Көргөзмөдө көрсөтүлө турган алдыңкы 5 сектор:
- тигүү жана кесүүчү жабдуулар;
- боёо, басып чыгаруу жабдуулар;
- сайма жабдуулары;
- токуу жабдуулары;
- Даярдоо жана пахта иштетүүчү жабдуулар.

Иш-чараны Борбордук Азиянын Конгресстери – CCA жана анын өнөктөшү ICA Eurasia Group уюштурууда.