2023-жылдын 6-8-сентябрында Ташкентте «Электроника, электротехника, жашыл энергетика жана инновациалык технологиялар UzE-TechExpo 2023» эл аралык көргөзмөсү өтөт.

Көргөзмө чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн Өзбекстандын рыногуна жеткирүү чөйрөсүндө гана эмес, ошондой эле ата мекендик компаниялар жана уюмдар менен ишкердик жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Белгилей кетсек, ага Казакстан, Кытай, Орусия жана Өзбекстандан келген компаниялар катышып, электр, электроника, тиричилик техникасы, видеобайкоо системалары, байланыш жана телекоммуникация жабдуулары, ошондой эле күн батареяларынын кеңири ассортиментин тартуулашат.

Эл аралык көргөзмө Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө. Иш-чараны Борбордук Азиянын Конгресстери – CCA жана анын өнөктөшү ICA Eurasia Group уюштурууда.