Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков инфраструктуралык долбоорлордун учурдагы абалын баалоо максатында райондун аймагын кыдырып чыкты. Негизги көңүл тротуарлардын курулуш процессин жана ирригация системасын текшерүү болду.
Кыдыруунун жүрүшүндө башчы учурда тротуарлардын курулушу жүрүп жаткан бардык курулуш аянттарына, ирригациялык тармактардын жүргүзүлүшүнө жана суу буруучу люктардын орнотулушуна текшерүү жүргүздү.
Иштерди графиктен артта калбай бүтүрүү үчүн жүргүзүлүп жаткан иштерди күчөтүү тууралуу айтылды.
Башчы жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча бир катар сын-пикирлерди айтып, белгиленген люктарды бардык стандарттарга ылайык келтирүүнү тапшырды.
Мындан тышкары райондун инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болгон ирригация системасына өзгөчө көңүл буруп, сугат системасын сактоо үчүн жооптуу адамдардын бардыгын кылдаттык менен иштөөгө чакырды.
Кыдыруунун соңунда башчы райондун жашоочуларына инфраструктуралык долбоорлордун маанилүүлүгүн түшүнгөндүгү жана колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, биргелешкен аракеттер менен райондун бардык жашоочулары үчүн ыңгайлуу жана заманбап мейкиндикти түзүүгө болот.