Ленин акимиатынын жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ЖККК кызматкерлери тарабынан Ленин районунун аймагында шаар аралык багыттар боюнча жүргүнчүлөрдү ташуунун мыйзамсыз уюштурулушуна бөгөт коюу боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
ЖККК кызматкерлери республиканын түштүк шаарларына жүргүнчүлөрдү (Кулиев – Токтогул; Кулиев – Киев; Кулиев – Чүй пр.; Кулиев – Пушкин көчөлөрү боюнча) ташууга туруктуу негизде көзөмөл кылып турушат. Мыйзамдын 3.27 беренесине ылайык “аялдамага тыюу салынат” деген белгинин негизинде ЖККК кызматкерлери жеринде административдик айып пулдарды түзүп, айдоочусу жок унаалар ЖККК айып короосуна алынып келинет.
Ошону менен бирге, муниципалдык администрациянын кызматкерлери Бишкек шаарынын ШИИБнин ЖККК, Ленин районунун РИИБ, Бишкек шаарынын мэриясынын ММБД алдындагы "БУТТ" МИси менен биргеликте "Ош Базары" СБКнын аймагында башаламан сооданы токтотуу боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.