Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Киргизия-1 конушунун Улан көчөсүндөгү 3 даректин ээси өз ыктыяры менен 40 тонналык контейнерин жана темир тосмосун алды. Бошотулган муниципалдык аймак 50 чарчы метрди түзөт.
Эскерте кетсек! Буга чейин Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, курулуштардан бошотуу боюнча эскертүү кагазы берилген.
Урматтуу шаар тургундары! Мыйзамды бузбоого чакырабыз!