"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын жолдорун жана тротуарларын капиталдык оңдоодон өткөрүүнү улантат.

Ошентип, жолду оңдоо иштери Жумабек көчөсү боюнча Кулиев көчөсүнөн Заводской посёлок көчөсүнө чейин башталган. Учурда узундугу 540 погон метрди түзгөн жолдо капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө Заводской посёлок көчөсүнө чейин узундугу 300 погон метр болгон унаа жолуна жана тротуарга асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери аяктады.

Ошондой эле, 240 погон  метр жерге тосмо таштардын ордун даярдоо  жана ирригация системасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул объектте жылдырыла турган 5 даана мамы  жана түркүк бар.

Капиталдык курулуш иштерин сентябрь айынын башына чейин жыйынтыктоо пландаштырылууда.