Ак-Босого конушундагы №101 мектептин аймагын жашылдандыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Биринчи май район башчысынын орун басарлары Чыңгыз Байсов, Айнура Арстамбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын, райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү,  «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис», «Бишкекжашылчарба» МИнин, №16 МАБдын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө кызматтарга көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана сугаруу иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Эске салсак, мектеп имараты өткөн жылдын аягында пайдаланууга берилген, эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 5022 чарчы метр, 3 блоктон турат жана 660 окуучуга ылайыкталган. Биринчи блокто - окуу класстар жана кабинеттер, ал эми экинчи блокто- спорт жана жыйындар жайы, ашкана, үчүнчү блокто- окуу кабинеттери жайгашкан.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы  аркылуу өткөрүлгөн тендерге ылайык, мектептин курулушун «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧК подряддык уюму жүргүзгөн. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.