Ишканаларга жумалык кыдыруунун алкагында Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиев  бул жолу "Арпа" ААК болду.

Сыра чыгаруучу компания көп жылдык тарыхы менен Кыргызстанда 1906-жылдан бери азыкты кайра иштетүү тармагындагы ири компаниялардын бири.

Ишкананын жетекчиси экскурсия жасап, өндүрүш менен акимди тааныштырды. Анда суроолор талкууланып, ишкананы өнүктүрүү,  кубаттуулукту кеңейтүү жана  кошумча жумуш орундарын түзүү ж.б. маселелер талкууланды.

"Арпа"ААК коомдук жана социалдык долбоорлорду активдүү колдоп келет. Район акими мындай долбоорлордун ишке ашышы үчүн биргелешкен кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечектеги өнөктөштүк жана жогорудагы айтылган суроолор боюнча конкреттүү чечүү кадамдарын макулдашышты.