"Дэн Сяопин проспектисинин батыш аймагын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Алыкулов көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо  башкармалыгы мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен демонтаждоо (бузуу) иштерин жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, долбоорду Кытай Эл Республикасынын каржылык жардамы аркылуу ишке ашыруу пландалууда. Ал КР Президенти С.Н. Жапаровдун буга чейинки Кытайга  болгон сапарындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилген.

Аталган аймакта башкармалыктын кызматкерлери менен "Тазалык" МИ жумушчулары иштеп жатат.

Жергиликтүү жашоочулардын жашоосуна жана эс алуусуна, жөө адамдарга ошондой эле велосипед сүйүүчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында "Бишкекбашкыархитектура" МИнин адистери менен батыш аймакты жакшыртуу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыккан.

Учурда Дэн Сяопин, 521 дарегиндеги  жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн   жеңил конструкция алынып жатат.

Буга чейин башкармалык тарабынан муниципалдык аймакта уруксаатсыз курулган  курулуштардан бошотуу боюнча билдирүү берилген.